Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

УКМК: Донбасстагы кыргызстандыктар тууралуу маалымат териштирилүүдө


Украинанын чыгышындагы жаңжалда орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн кыргызстандыктар тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет маалыматка ээ эмес. Бул тууралуу аталган комитеттен кабарлашты. Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, интернетке тараган тасма боюнча комитет териштирүү баштады.

Бүгүн интернетке Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөн Нурлан аттуу кыргызстандык тартылган кыска тасма тараган. YouTube сайтына “Жаңы Орусиянын каналы” жайгаштырган ал тасмада аскер кийимчен Нурлан аттуу адам өзү тууралуу айтып берет. Ал Кыргызстандан экенин жана “Кыргыз” деген лакап ысым менен орусиячыл жикчилдердин катарында согушуп жүргөнүн баяндаган.

Ага чейин да бир кыргыз жараны “Азаттыкка” маек куруп, бир нече кыргызстандык Донбасстагы согушка катышып жүргөнүн айткан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG