Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

Литва орус байкерлерин чек арадан киргизбей койду


"Түнкү бөрүлөр" Беларус-Польша чек арасында, 27-апрель, 2015

"Түнкү бөрүлөр" Беларус-Польша чек арасында, 27-апрель, 2015

Литванын чек ара кызматынын маалымат катчысы Гиед Риус Мису Тис билдиргендей, минген унаалары жолдо коопсуз жүрө алаарын далилдеген документтери болбогондуктан, үч мотоциклист Беларус чек арасынан кайра артка кайтарылды. Мису Тис бул үчөө «Түнкү бөрүлөр» деп аталган орус улутчулдарынын мүчөсү экендигин бышыктады. Алар Польша, Словакия, Венгрия, Австрия, Чех жумурияты аркылуу алты миң чакырым жүрүп, Жеңиш күнүн Берлинде тосууну пландашкан.

Польша президент Путин менен байланышы бар бул топтон 10 кишини кечээ да киргизбей койгон. 20 кишиден турган топтун мүчөсү Павел Веткиндин айтымында, Польшанын чек арачылары аларга түшүндүрмө берген жок. Веткиндин өзүндө Польшанын элчилиги берген Шенген визасы болгон.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG