Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Савченко жарандык ооруканага которулду


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Орус абагында жаткан украиналык учкуч Надежда Савченко ден соолугу начарлап кеткенден улам, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Орусиянын федералдык жазалоо жана түзөтүү кызматынын маалымат катчысы Кристина Белоусова билдирди.

Белоусова бул убактылуу которулуубу же биротолобу, тактаган жок. Буга чейин учкучтун адвокаты Марк Фейгин Савченко Москва түрмөсүнөн 20-ооруканга бүгүн жөнөтүлүп жатканын айткан эле.

Савченко Чыгыш Украинада орусиячыл жикчилдер тарабынан барымтага алынган. Ага жаңжалда окко учкан эки орус журналистинин өлүмү үчүн айып коюлган. Савченко күнөөсүн моюнуна алган эмес.

XS
SM
MD
LG