Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Ысык-Көлдө 200дөй адам эмдөөдөн баш тартты


Казакстандагы эмдөө жараяны
Казакстандагы эмдөө жараяны

Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 323кө жетти. Кайрылгандардын бардыгына эмдөө жасалып, өнөктүк уланып жатканын облустук санитардык-эпидемиологиялык кызматтын эмдөө дарыгери Лилия Бектурова билдирди. Облуска кызылча жана кызамыкка каршы 1600 вакцина бөлүнгөн. Иш-чаранын биринчи этабында 1 жаштан 24 жашка чейин, эгер мугалимдер жана медицина кызматкерлери болсо 24 жаштан 50 жашка чейинкилер алдын ала эмдөөдөн өтүшү керек.

Дарыгерлер иш-чара учурунда милдеттүү эмдөөдөн баш тарткандар да болгонун, ушул кезге чейин облус боюнча 180 адам балдарын эмдетпегенин билдиришти. Бул маселе көбүнчө диний көз караштан улам чыгууда.

Кызылча жана кызамыкка каршы эмдөө март айында Бишкекте башталып, апрелден тарта бардык аймактарда уланууда. (AsA)

XS
SM
MD
LG