Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Кыргызстанга Украинадан башкалка издеп келгендер көбөйө баштады


Согуштан улам Орусияга качып бараткан украиналыктар
Согуштан улам Орусияга качып бараткан украиналыктар

Соңку үч айда Украинанын чыгышындагы согуштан улам Кыргызстанга башкалка издеп келгендердин саны өсө баштады. Өткөн жылы 13 адам кайрылган болсо, быйыл жыл башынан бери 13 киши келген. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми акыркы эки жылда Ооганстандан 98 адам келген. Ошондой эле мекениндеги согуштан улам Кыргызстанда убактылуу жашап жаткан сириялыктардын саны 70 адам.

Расмий маалымат боюнча эгемендик жылдар учурунда Кыргызстандан башкалка сураган чет өлкөлүктөрдүн 171и качкын макамын алды. Алардын 113ү ооганстандык, 55и сириялык, үчөө ирандыктар.

2013-жылдан бери эч кимге качкын макамы берилбей, убактылуу баш калкалоочу катары гана каттоого алынып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG