Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Бишкектеги чоң көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилди


Чыңгыз Айтматов, 20-апрель, 2006
Чыңгыз Айтматов, 20-апрель, 2006

Бишкектеги Тынчтык проспекти Чыңгыз Айтматов проспекти болуп өзгөртүлдү. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бүгүн кабыл алды. Демилгени борбор калаанын мэриясы көтөрүп чыккан.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмын Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгаруу демилгеси 2008-жылы эле көтөрүлгөн. Ал жылы Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу максатында президент Бакиев атайын токтом чыгарган. Токтомдун негизинде борбордогу Эмен сейил багына жана Кыргыз улуттук орус драма театрына Айтматовдун ысмы ыйгарылган. 2011-жылы Киев көчөсүнүн Ала-Тоо аянты тушуна жазуучунун эстелиги да тургузулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG