Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Коалициялык көпчүлүк премьерликке талапкерди карашы күтүлүүдө


Кыргыз парламенти.

Кыргыз парламенти.

Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке талапкерди талкуулашы күтүлүп жатканын “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов кабарлады. Анын айтымында, өкмөт башчылыкка талапкер боюнча кеңешүүлөр жүрүп жаткан. Эми аны аныктоо боюнча жыйын өтүшү керек.

Буга чейин премьер-министрликке талапкерди Социал-демократ фракциясы көрсөтөрү айтылган. Учурда талапкер катары экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев , вице-премьердин милдетин аткаруучулар Тайырбек Сарпашев, Валерий Дилдин аты аталууда.

Буга чейинки премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча он беш күн аралыгында жаңы премьер тандалышы зарыл.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG