Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Коргоо министрлиги мыйзамсыз берилген батирлерди иликтеп жатат


Бул тууралуу коргоо министринин милдетин аткаруучу Абибилла Кудайбердиев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, аскер кызматкерлери үчүн Кытайдан келген жардамдын негизинде эки көп кабаттуу үй курулган. Ал бүткөрүлгөн соң муктаж делген аскер кызматкерлерине бөлүнгөн. Бирок андагы батирлер мыйзамсыз бөлүнгөнү тууралуу бир нече арыз келип түшкөн. Учурда бул боюнча министрликтин ичинде да иликтөө жүрүп жатат.

Буга чейин Аскер прокуратурасы Коргоо министрлигинин бир катар кызматкерлерине аскер кызматкерлери үчүн салынган үйдүн батирлерин мыйзамсыз бөлүштүргөнү үчүн кылмыш иш козгогон. Анда аталган министрликтин жетекчилиги жана турак-жай комиссиясынын мүчөлөрү аскер кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу үйдөн 30дан ашык батирди мыйзам бузуу менен бөлгөнү аныкталган. Алар бул батирлерди үй-жайы бар, муктаж эмес адамдарга бөлүп берген. Ошол эле учурда кезекте кызмат учурунда каза болгондордун үй-бүлөсү, жарадар болгон, көп балалуу жана башка себеп менен үй-жайга муктаж болгон бир нече аскер кызматкерлери болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG