Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Ноокатта аскер комиссариатынын кызматкери пара менен кармалды


Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, Ноокат районунун бир тургуну райондук аскер комиссариатынын кызматкерлери анын баласын аскерге албай, альтернативалык кызматта калтырууга макул болгондугу үчүн 24 миң сом талап кылып жатканы тууралуу Ош облустук ИИБге арызданган.

Ыкчам иликтөө иштери учурунда райондук акер комиссариатынын кызматкери 24 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Пара менен кармалган аскер кызматкери Ош горнизонундагы кармоочу жайга киргизилген. Бул факты боюнча Башкы прокуратуранын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштерин баштады.(YI)

XS
SM
MD
LG