Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Кызылчага каршы эмдөөнүн экинчи этабы башталат


Кыргызстанда кызылчага каршы эмдөөнүн экинчи этабы май айында башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди. Анын айтымында, 12-23-май аралыгында өлкө аймактарында бир жаштан 20 жашка чейинки жарандар эмдөөгө алынат. Калилов кошумчалагандай, учурда бул ооруга чалдыккандардын саны азайды. Азыр Жалал-Абад облусунда гана көрсөткүч жогору болуп жатат.

Буга чейин март айында эмдөөнүн биринчи этабы Бишкек жана Чүйдө жүргүзүлүп, 315 062 киши кызылчага каршы эмделген.

Жыл башынан бери кызылча оорусуна Кыргызстан боюнча 7 миңге чукул киши кабылган. Илдеттин алдын алуу үчүн улуттук эмдөө өнөктүгү башталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG