Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:02

Салянованын күйөөсүнө козголгон иш боюнча сот жылды


Мурдагы баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иш боюнча сот иши жылдырылды. Ишти караган Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун бүгүнкү жыйынына Абдыкапаров менен бирге айыпталган эки адам алып келинген эмес. Ошондуктан ишти караган сот кезектеги отурумду 7-майга жылдырды

Экс-баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго УКМКнын тергөө башкармалыгы 11-мартта Кылмыш кодексинин 30-305-беренеси боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып таккан.

Абдыкапаровго Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан мурда да “Мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген”, “Көз боемочулук кылган” деген беренелер боюнча айыптар тагылган болчу. Бакыт Абдыкапаров өзүнө тагылган айыптарды жокко чыгарып келет. Ал эми Аида Салянова күйөөсүнө козголгон кылмыш иштерди өзүнүн ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG