Линктер

дүйшөмбү, 23-январь, 2017 Бишкек убактысы 00:24

Ооганстанда 52 адамды жер көчкү басып калды


Кырсык 28-апрелде Бадахшан провинциясынын Журм-е Бала кыштагында болду. Жергиликтүү бийликтердин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, кыштакты 200дөй адам таштай качып, аман калган. Жолдорду кар басып жаткандыктан, Журм-е Бала кыштагына тикучар менен гана жетүү мүмкүн.

Былтыр май айында да Бадахшан провинциясындагы Ааб Барик кыштагы ылай аралаш топурак астында калган. Эсептөөлөр боюнча, табигый апаатта 350дөн 2700гө чейин адам жайран болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG