Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Лукашенко: Беларус туруктуулуктун жана тартиптин аралы


Президент Лукашенко парламентте сүйлөп жатат. Минск. 29-апрель, 2015
Президент Лукашенко парламентте сүйлөп жатат. Минск. 29-апрель, 2015

Президент Лукашенконун айтымында,“Европада кайрадан согуш илеби соксо да Беларус туруктуулуктун жана тартиптин аралы бойдон калууда”.

Ал 29-апрелде Беларус парламентине жасаган жылдык кайрылуусунда Европа өлкөлөрүндөгү чыңалуу “Кансыз cогуш жылдарындагыдай абалда” деп Крым аннексиялангандан кийин Орусия-Батыш ортосундагы каршылашуу курчуганына токтолду.

Москва колдогон жикчилдер менен Украин армиясынын былтыртан бери Украинанын чыгышында жүрүп жаткан согушунда 6 100дөн көп адам өлгөн.

Лукашенко Беларустун көз карандысыздыгы тынчтыкты сактап жана экономиканы өнүктүрүү аркылуу камсыздалат деп, миллиондогон адамдардын башын жеген Улуу Ата Мекендик согуштун сабактарын унутпайбыз деди. Ал өлкөнү 1994-жылдан бери башкарат.

XS
SM
MD
LG