Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Зилалиев кызматтан кеткен жок


Геология жана минералдык ресурстар боюнча өкмөт алдындагы агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кеткени тууралуу маалыматты аталган мекеменин маалымат кызматы четке какты. Бүгүн айрым жергиликтүү маалымат агенттиктери Дүйшөнбек Зилалиев кызматтан кетүүгө арыз жазганы тууралуу маалымат жарыялап жиберишкен. Мындан улам аталган агенттиктин маалымат кызматы бул жалган кабар экенин, Зилалиев болгону учурда сыркоолоп жумушка чыкпай жатканын билдирип, журналисттерди маалыматты тактап алып таратууга чакырды.

XS
SM
MD
LG