Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Башкы прокуратура: «Вечерний Бишкек» койгон дооматтар тастыкталган жок


Башкы прокуратура “Вечерний Бишкек” басма үйүн президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, президенттик аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов жана Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев басып алуу аракетин көрүүдө деген маалымат боюнча текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады. Башкы көзөмөл органынан кабарлашкандай, иликтөө жыйынтыгында жогорудагы билдирүү тастыкталган жок. Ошондой эле аты аталган жарандар сотко үстөмдүк кылып жатканы тууралуу билдирүү да негизсиз экени айтылат мекеменин маалыматында.

Жакында “Вечерний Бишкек” басма үйү Ниязов, Илмиянов жана Мамбеталиевдин үстүнөн арызданып, президентке эки ирет кайрылуу жолдогон. Алмазбек Атамбаев бул ишти текшерүүнү Башкы прокуратурага тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG