Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Саудия өкмөтүндө чоң өзгөрүүлөр болду


Падыша Салман. 23-январь 2015
Падыша Салман. 23-январь 2015

Сауд Арабиясынын падышасы Салман өкмөттүн курамында маанилүү өзгөртүүлөрдү жасады. Аталаш бир тууганы Мукринди падышанын мураскери макамынан ажыратты. Тактынын мураскери кылып, коргоо министри болуп иштеп жаткан жээни, 55 жаштагы Мухаммед ибн Наифти дайындады. Уулу Мухаммед Салманды падыша мураскеринин орун басары кылып бекитти. Андан тышкары Тышкы иштер министри Сауд ал-Файзалдын ордуна падышалыктын АКШдагы элчиси Адил ал-Жубейрди дайындады. Ал-Файзал тышкы иштер министрлигин 1975-жылдан бери жетектеп келаткан. Ханзаада Мукрин бин Абдулазиздин ордуна коюлган ханзаада Наиф ички иштер министрлигин жана Саудиянын контр-терроризм кызматын жетектейт.

XS
SM
MD
LG