Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:32

2014-жылы "Газпромдун" “чөнтөгү жукарды”


"Газпромдун" Москвадагы баш кеңсеси.

"Газпромдун" Москвадагы баш кеңсеси.

Орусиянын "Газпром" компаниясынын таза кирешеси 2014-жылы кескин азайды. Өкмөттүк компания 29-апрелде билдиргенге караганда, былтыр таза кирешеси 3, 1 миллиард долларды түздү.

"Газпром" 2013-жылы 22 млрд доллар таза киреше алган. Кирешенин кыскарышына рублдын АКШ долларына салыштырмалуу арзандоосу себеп болгон. Бул долларга көгөндөлгөн карыздарды төлөөнү оорлоткон.

"Газпром" өткөн жылы карызга жана газдын баасына байланыштуу талаш-тартыштан улам маанилүү кардарларынын бири - Украинага көгүлтүр отун сатканды азайткан.

Москва Крымды басып алганга жана Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдогонго байланыштуу "Газпром", Сбербанк жана башка маанилүү компанияларга эл аралык коомчулук санкцияларды киргизген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG