Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Ооганстан: Кундузда талиптердин мизи кайтарылды


Ооганстандын куралдуу күчтөрү Кундуз провинциясында черүүдө жүрөт. 29-апрель 2015
Ооганстандын куралдуу күчтөрү Кундуз провинциясында черүүдө жүрөт. 29-апрель 2015

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында талиптердин мизи кайтарылды жана коопсуздук күчтөрү согушчандарды Пакистандан киргизбөө планын жүзөгө ашырууда. Бул жөнүндө Ооган полициясынын өкүлү Саид Сарвар Хусаин 29-апрелде билдирди. Беш күндөн бери Кундуз шаарында жана провинциянын төрт районунда катуу уруш жүрүүдө. Урушта 200дөн көп согушчан жок кылынган, 13 аскер катардан чыккан. Шаршемби күнү эртең менен беш полициячы туткунга түшүп, башка 28 полициячы дайынсыз жок экени маалымдалган.

Ооган өкмөтүнүн айтымында, 24-апрелден бери салгылаштардан улам Кундуз провинциясын 2 миңдей үй-бүлө калтырып кеткен.

XS
SM
MD
LG