Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Жетекчиси кутулду да, "желдети" тутулду


Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Советбек Арбаев
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Советбек Арбаев

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Советбек Арбаевдин кызы атасы жетектеген мекемеге жумушка орношуп, бирок иштебеген айлары үчүн мыйзамсыз эмгек акы алып турган.

Ал үчүн Арбаевдин орун басары Эсенбек Жумакадыров жоопко тартылууда.

Полковник Жумакадыров кызы бир жылга чукул жумушка чыкпай туруп, маяна алып жатканын төрагага оозеки билдирип, бирок Арбаев бул ишти өзү чечерин айтып, ага басым көрсөтүп келгенин айтты.

Натыйжада аскер прокуратурасы бул боюнча ага кылмыш ишин козгоп, өкмөт башчы аны кызматынан алган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Советбек Арбаев бул жагдай туурасында учурунда маалыматы болбогонун айтып, өзү жетектеген мекемеде иштеген кызынын иштебеген ай үчүн төлөнгөн маянасын төлөп берерин белгиледи.

Жетекчинин кызынын кылыгы үчүн орун басар айыптуу

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы, полковник Советбек Арбаевдин кызы, пропорщик Айжан Арбаевага атасына караштуу мекемеден мыйзамсыз маяна чегерүү боюнча кылмыш фактысы аныкталды. Айжан Арбаева жазаларды аткаруу кызматынын кайтаруу жана күзөт департаментиндеги жумушуна сегиз ай бою келбей туруп, 88 миң сомго чукул маяна алган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ишке кириптер катары аталган департаменттин башчысы жана төраганын орун басары Эсенбек Жумакадыров да жоопко тартылууда.

Бул жагдайдан улам кызматынан алынган полковник Эсенбек Жумакадыров жетекчисинин көрсөтмөсүнө моюн сунганы үчүн жазага кириптер болгонун айтты:

- Мен бул тууралуу төрагага кирип “сиздин кызыңыз Айжан жумушка чыкпай жатат” деп учурунда үч ирет эскерткемин. Себеби анын кызы сегиз ай жумушка чыкпай койду. Анан Арбаев өзү менден “кызматтык иликтөө жүргүзбөгүлө, мен анын өзү менен сүйлөшөм, жумушка чыгат, маселени мага кой, өзүм чечем” деген болчу. Анан бир топ убакыттан кийин кызын өзүнө (борбордук аппаратка) которуп алды. Анан ошол кезде мага кылмыш иши ачылып калды. Мага кызмат абалынан пайдалануу жана кылмышты жашыруу айыптары коюлду. Ал эми биздин каржы бөлүмү анын кызынын эсебине айлык акысын которо беришиптир. Негизи алар жумушка чыкпаган соң кызына маянасын которгонго акысы жок болчу. Анан Арбаев өзү мага оозеки берген көрсөтмөлөрүнүн бардыгын тана баштады. Бул жерде мен жөндөн-жөн эле жабыр тарттым.

Тергөөнүн тегиз эмес териштирүүсү

Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам жакын туугандыгы бар адамдардын бир мекемеде же түздөн-түз баш ийүүдөгү органда иштөөсүнө тыйуу салат. Бирок мында жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Арбаев кызын өзүнө караштуу мекемеде иштөөсүнө жол берип, ал турсун кызы айлап жумушка чыкпаса да маянасы которула берген. Бул боюнча документтерде келтирилген. Бирок аскер прокуратурасы маянанын төлөнүшү боюнча гана иш козгоп, төрага Арбаев кызын башында департаментте иштетип, андан соң борбордук аппаратка которгону боюнча чара көргөн эмес.

Аскер прокуратурасынын ага тергөөчүсү Бектур Калиев төрага Арбаев кол алдындагы жетекчиге кызынын жагдайы тууралуу көрсөтмө бергени далилденген эмес дейт:

- Тергөөнүн аягында бул ишке катышы барлардын бардыгына укуктук баа берилет. Мында төраганын кызы жумушка чыкпаса, айлык маянасын алып жатса, анан бирок түздөн түз жетекчиси бул тууралуу чара көрбөсө... Анан эми ага бирөө басым кылган болсо, аны тергөөдө далилдеш керек да. Төраганын бул ишти билгендиги тастыкталыш керек болчу. Андай болгон жок. Оозеки сөздү кылмыш ишине тиркей албайсың да. Буга бир далил же башка бирөөлөрдүн көрсөтмөлөрү керек. Ага карата кызына чара колдонбо дегендей көрсөтмө берген учурлар далилденген болсо, анда биз ошол жетекчинин өзүнө иш козгойт элек. Бирок андай нерсе жок да.

Оозеки көрсөтмөнүн оорчулугу

Төрага Арбаев кол алдындагы Жумакадыровго өзүнүн кызы Айжан Арбаеванын ишке чыкпаганы тууралуу кызматтык иликтөө жүргүзүүгө тыйуу салганын тергөөдө далилдөө татаал. Анткени мындай буйруктар адатта оозеки берилет. Бул иш боюнча күбөлөр жетекчи кызматта турганда ага жана анын кызына каршы көрсөтмө берери күмөн. Бирок бул мекеменин жетекчиси Арбаев өзүнүн кызынын сегиз ай бою кызматка чыкпай эле айлык алып жүргөнүн билген эмес дегенге ким ишенет? Ошондой эле ал өзү жетектеген мекемеде кызынын иштөөсүн мыйзам бузуу деп эсептейби?

Мына ушул суроолорго жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев мындайча жооп берди?

- Мен былтыр январь айында төрага болуп дайындалып калдым. Ошондо кызым менин кол астымда болуп калды да. Кызым ал жакта оркестрде иштегиси келбей турганын айткан. Анан мен ага башка жактан жумуш ордун таап берем деген болчумун. Ошол мезгилде анын адистиги боюнча жумуш табылбай калып, анан ошол убакта аны жумушка чыккан жок деп бирөөлөр аскер прокуратурасына тоголок кат жазып жиберишиптир. Бул жерде иш анын жетекчисине дагы болуп жатат. Анткени ал жердеги ишти тескөө анын укугунда болчу. Эгерде мына ошондой көйгөй болуп жатат десе, кызымды эчак эле кызматынан кетиртет болчумун. Мен кезинде ал жактан "маселе" жокпу десем “жок, иштеп жатат” дешкен. Анан эми азыр тергөөдөн мына ошол акчаны төлөп берсе иш кыскарат дешкен. Ошону кызым төлөп берсе эле кылмыш иши жабылат.

Ошол эле кезде кызын кызматтан кетирген төрага Советбек Арбаев муну мыйзам бузуу катары карабайт. Ал бул жагдайда мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамдын эмес, келишимдик негизде аскердик кызмат өтөө тууралуу жобонун талаптарын жетекчиликке алат. Анда жакын тууганчылык байланыштагы адамдар экөө тең офицердик курамда болбосо, биргеликте аскердик кызматта иштөөгө тыйуу салынбастыгы көрсөтүлгөн. Арбаевдин кызынын иши үчүн анын орун басары кошо жоопко тартылган кылмыш ишинин ачылганына үч ай болду. Бул иш боюнча тергөө качан бүтүп, качан сотко ашары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG