Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:55

Бишкекте жаштар Экинчи Дүйнөлүк согушту эскерет


Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык бөлүмү бүгүн борбор калаада Экинчи Дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерет. Иш-чара Жаш Гвардия сейил багында согушка арнап тургузулган эстеликтердин жанында болот. Аталган мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, митинг-реквиемге шаардагы окуу жайлардын студенттери жана Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкан он ардагер чакырылган.

Быйыл Экинчи Дүйнөлүк согуштун бүткөнүнө 70 жыл толот. 9-май күнү Бишкекте майрамдык чоң парад өтөт. Ушундай эле иш-чаралар бардык аймактарда уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG