Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Индонезиядагы өлүм жазасынан улам Автстралия элчисин чакыртып алды


Индонезияда маңзат ташыганы үчүн камалган 8 адам өлүм жазасына тартылды. Сот тарабынан аларды атуу боюнча чыгарылган өкүм шаршемби күнү аткарылды. Жазага тартылгандардын төртөө Нигериянын, экөө Австралиянын, бирөө Бразилиянын жарандары. Бир киши жергиликтүү тургун.

Бразилия менен Австралия бийлиги буга тынчсыздануусун билдирди. Австралия Жакартадагы элчисин чакыртып алды.

Өлүм жазасына тартылгандар алгач 9 киши болгон. Алардын арасындагы Филиппиндин жаранын жазалоо акыркы мүнөттөрдө токтотулган. Буга Филиппин менен Индонезия бийлиги ортосундагы сүйлөшүү себеп болгону айтылууда.

Маңзатка каршы аёосуз күрөш жарыялоо максатында Индонезия президенти Жоко Видодо жакында өлүм жазасына киргизилген мораторийди алып салган. (SE)

XS
SM
MD
LG