Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

“Ак илбирстин” биринчи лауреаты аныкталды


Улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгын уюштуруучулар тарабынан аталган сыйлыктын быйылкы жылдагы биринчи лауреаты аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ак илбирс” кино сыйлыгынын маалымат катчысы Айбек Дайырбеков кабарлады. Анын айтымында, “Улуттук киноматографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн” номинациясы Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргыз эл артисти Сагын Ишеновго ыйгарылды.

Сагын Ишенов “Кыргызфильм” киностудиясы түзүлгөндөн бери андагы мультфильм тартуучу чыгармачыл топту жетектеп келген. 1977-жылы кыргыз киносунун тарыхында биринчи болуп “Сандардын чатагы” мультфильмин жараткан. Сыйлык 16-майда “Манас” кино театрында тапшырылат.(ZA)

XS
SM
MD
LG