Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:23

ӨКМ өкмөт токтомун аткарбаган жетекчилерге нааразы


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир катар аймактардын жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилери ар кыл кырсыктардын алдын алуу боюнча өкмөттүн буйругун аткарбай жатканына нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт 14-мартынан 30-майына чейинки мөөнөттө бардык мекемелерге жер-жерлерде сел жана суу ташкындары коркунучунун алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча буйрук берген. Бирок министрлик бир катар жетекчилер бул буйрукка көңүл бурбай, теишелүү иштерди аткарбай жатканын билдирүүдө.

Министрлик мисал катары Баткендеги Исфана шаарындагы абалды көрсөткөн. Ал жерде арыктар тазаланбай, суу ташкыны болсо жашоочулардын коопсуздугун коркунуч туудурчу абал жаралган. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык мамлекеттик мекемелерди өкмөттүн тиешелүү буйругун аткарууга чакырууда.(BKA)

XS
SM
MD
LG