Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Сариев парламенттик шайлоого катышпайт


Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталган Темир Сариев парламентте билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк коалиция талапкерлигин сунуштап жатканда ага шайлоого катышпоо талабын койгон. Сариев бул сунушка макул болгонун билдирип, парламенттик шайлоону мыйзамдуу жана калыс өткөрүүгө убада берди.

Ошондой эле Сариев эң негизги максаты катары өкмөттү тартипке салууну атады. Ал бардык министрлерге катуу талаптарды коёорун билдирип “ бул өкмөт үчүн майрам жана дем алыш болбойт” деди.

Премьер-министрликке талапкер коррупция жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтөрүн да убада кылды.(BkA)

XS
SM
MD
LG