Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Непалда зилзаладан беш күндөн кийин өспүрүм бала аман табылды


Зилзаладан беш күндөн кийин аман куткарылган өспүрүмдү алып чыгып жатышкан учур. 30-апрель, 2015-жыл.

Зилзаладан беш күндөн кийин аман куткарылган өспүрүмдү алып чыгып жатышкан учур. 30-апрель, 2015-жыл.

Жергиликтүү бийликтер билдиришкендей, өспүрүм баланы куткаруучулар борбор Катмандуда урандылар алдынан зилзаладан беш күндөн кийин аман алып чыгышты. Бети-башы чаң баскан өспүрүмдү чогулгандар кол чаап тосуп алышты. Анын жаш курагы 15-18дин ортосунда экени айтылууда.

Өспүрүмдү непалдык куткаруучулар менен бирге аман алып чыгышкан ЮСАИДдин тобунун башчысы Эндрью Ольверанын айтымында, ал кыйраган мейманкананын эки кабатынын ортосунда кыпчылып калган жеринен аман куткарылды.

Непалда 25-апрелдеги зилзала курмандыктарынын саны бүгүнкү күнгө карата 5500ден ашты, мындан тышкары 11,5 миңге жакын киши жаракат алганы аныкталды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG