Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Кыргыз-тажик чек арасын тактоодо жылыш болду


Кыргыз-тажик чек арасындагы жол, Баткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жол, Баткен.

Өткөн жуманын соңунда Тажикстандын Исфара шаарында жыйынтыкталган кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтордун сүйлөшүүсүндө тараптар Баткен жана Исфара райондорунун ортосундагы бир чакырымдай чек ара тилкеси боюнча макулдашып, дагы беш чакырымдай тилкени тактоодо бир пикирге келип калды. Бирок аны бекитип, кагазга түшүрүү иши кийинки жолугушууга калды. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн сүйлөшүүдөгү кыргыз тобунун башчысы, кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Ал муну чек ара тактоо ишиндеги чоң жылыш катары баалады. Анткени соңку жылдарда бир метр да тилке такталбай калган эле.

Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырым. Буга чейин анын жалаң тоо кыркалары аркылуу өткөн 519 чакырымы гана такталган. Чек ара тактоо иштери өрөөндү аймактарга келгени таптакыр жылбай калган. Буга чек аралардын чырмалыша жайгашканы жана тараптар чек ара тактоонун укуктук негиздеринде пикир таба албай жатышы себеп болуп келген. Укуктук негиз боюнча азыр деле орток пикир жок, бирок тараптар талаш туудурбаган жерлерди азыркы шарттуу чек ара боюнча тактай берүүнү чечишкен. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG