Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Казакстан Астрахандан тоок этин импорттоого тыюу салды


Бул тууралуу бүгүн Казакстандын айыл чарба министрлиги жарыялады. Маалыматка караганда, Орусиянын Астрахан облусунан тоок этин импорттоого аталган аймакта куш тумоосу (H5N1) чыкканына байланыштуу 28-апрелден тарта тыюу салынды.

Өткөн аптада Казакстандын бийликтери орусиялык өндүрүштөгү май, шокалад, момпосуй, майонездерге убактылуу тыюу салса, орус тарап Казакстандан ун киришин чектеген. Ага чейин ушул айдын башында Орусия Казакстандан сүт азыктарын алууну токтоткон эле.

Айрым маалымат каражаттары Евразия экономикалык союзу боюнча өнөктөш эки мамлекеттин ортосундагы бул көрүнүштү “соода согушу” деп мүнөздөгөн.

Бирок Орусиядан президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Казакстандан экономика министри Кайырбек Өскенбаев эч кандай “соода согушу” жоктугун, чектөөлөр менен тыюу салуулар керектөөчүлөрдүн саламаттыгын коргоо жүйөсүнөн улам гана киргизилип жатканын билдиришкен. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG