Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Непалдагы кыргыз жараны Кыргызстанга алып келинет


25-апрелде күчтүү зилзала катталган Непалдан бир кыргыз жараны бойго жете элек баласы менен Индияга чыгарылды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин аракети менен аталган жаран Индияга чыгарылды. Учурда Индияда коопсуз жайда баш калкалап жатат. 2-майда «Эйр-Бишкек» авиакомпаниясынын учагы менен Бишкекке келиши күтүлүүдө.

25-апрель Непалдын борбору Катмандуда күчү 7,9 баллга жеткен зилзала катталган. Акыркы эсептер боюнча, андан мерт кеткендердин саны 5500дөн ашып, 11500 адам жараат алды.(BkA)

XS
SM
MD
LG