Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Вьетнам согуш аяктаганынын 40 жылдыгын майрамдоодо


Хошиминдеги аскерий парад. 30-апрель, 2015-жыл.
Хошиминдеги аскерий парад. 30-апрель, 2015-жыл.

Борбор Хошиминдин көчөлөрүндөгү бүгүнкү парадга 6000дей аскер жана жарандар катышты.

Салтанатка чыккандардын колунда “Вьетнамдын даңктуу Коммунисттик партиясы жашасын!” деген ураан-чакырыктар болду.

Коммунисттик бийлик башкарган Түндүк Вьетнамдын аскерлери ал кезде АКШ колдогон Түштүк Вьетнамдын борбору Сайгон шаарын 1975-жылдын 30-апрелинде ээлеген.

Он беш жылдан ашуунга созулган согушта үч миллиондой вьетнамдыктын, анын ичинде Түштүк Вьетнамдын 250 миңдей аскеринин өмүрү кыйылган. АКШ 58 миңдей жоокерин жоготкон.

1975-жылдан тарта өлкөнүн базар экономикасына ыкташы жашоо шарттын жакшыруусуна салым кошту. Бирок Вьетнам бир партиялуу мамлекет бойдон калууда. Бийлик саясий көз караштардын ар түрдүүлүгү менен келишпейт. Басма сөз абдан тыкыр көзөмөлдөнөт. (UE)

XS
SM
MD
LG