Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

2009-2014-жылдар аралыгында Кыргызстандын аймагында балдардын катышуусунда 6888 жол кырсыгы катталып, 734 бала көз жумган. Ал эми 2015-жылдын үч айында балдар катышкан 185 авария болуп, 11 жеткинчек жарык менен кош айтышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов билдирди:

- Өткөн бир жылда 1616 бала ар түрдүү жараат алган. 2013-жылы 1665 бала жабыркаган болчу. Соңку жылдары балдар катышкан жол кырсыктары аз-аздан төмөндөп келатат. Былтыр бир жыл мурункуга салыштырмалуу 5,8 пайыз азайган.

Жыл сайын 4-майдан 10-майга чейин БУУнун демилгеси менен балдардын жолдогу коопсуздугу боюнча бүткүл дүйнөлүк жумалык өтөт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG