Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:48

Тажикстанда адам сатууга шектелген эки аял камалды


Хожент шаардык соту жергиликтүү эки аялды адам сатуу менен алектенгени үчүн эркинен ажыратты. Өкүмгө ылайык 66 жаштагы аял 8 жылга, 46 жаштагысы 12 жылга камалышты.

Жергиликтүү маалымат булактары кабарлагандай, алар 2008-жылы төрт кызды Бириккен Араб Эмираттарына кулчулукка саткан. Кыздарды сатып алгандар аларды сойкулукка мажбурлаган. 2014-жылы качып келип, саткан айымдарды сотко беришкен. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG