Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Прокуратура “Коопсуз шаар” боюнча тендерде мыйзам бузууларды аныктады


Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, прокуратура тендердик комиссия “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамдын жоболору бузулганын аныктаган. Аталган тендердин жыйынтыгында орусиялык “Стилсофт” компаниясы жеңүүчү деп табылган эле. Буга макул болбогон Ички иштер министрлиги тендердин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Башкы прокуратурага жана тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн өтүнүчү менен Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган.

Жакында тендерде жеңүүчү аталган “Стилсофт” компаниясы Бишкекте жыйын өткөрүп, ИИМдин дооматтарын четке кагып, тендерди үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар адамдар бар экенин билдирген.

Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбооруна болжол менен 43 миллионго жакын доллар керек. Анын алкагында борбор шаарда жана өлкөдөгү кан жолдорго көзөмөл камералар орнотулуп, борборлоштурулган системасы ишке кириши керек. Эгер ал ишке ашса, кылмыштуулук азайып, жол эрежесин сактоо бир калыпка түшөрүн адистер белгилешет. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG