Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Баткен: чек арадагы айыл эли нааразылыкка чыкты


Өткөн жылы да 18-апрелде Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган

Өткөн жылы да 18-апрелде Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал орун алган

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургундары нааразылык акциясына чыгышты. Бул маалыматты аталган райондун бийликтери тастыкташты.

Айыл тургундары кечээ тажик күч кызматкерлери кармап кеткен айылдын эки тургунунун бошотулушун талап кылышууда.

Жергиликтүү тургундардын жүйөсүндө, тажик күч кызматтарынын өкүлдөрү чек араны бузуп келип, эки жаранды мыйзамсыз кармап кеткен. Ошондуктан айыл тургундары жергиликтүү бийликтен айылдаштарын бошотууга көмөктөшүүнү талап кылышууда. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG