Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Кыргызстанда Эмгек күнү белгиленүүдө


1-Май - Эмгекчилердин тилектештик күнүнүн урматына Бишкектеги Ала-Тоо аянтында веложарыш баштаган спорттук оюндар, мелдештер өтүп жатат. Аны Бишкек шаардык мэриясы уюштурган. Ошондой эле өлкөнүн Кесиптик кошуундар федерация атайын митинг уюштурду. Мугалимдер, соодагерлер, социалдык тармактардын кызматкерлери иш-чарада куттуктоолорун жолдошту.

Бул күнгө карата президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды куттуктады. Анда “Кол жана акыл эмгеги менен гана биз өзүбүздүн да, өлкөбүздүн да келечегине жол чаба алабыз. Талыкпаган мээнет менен гана мамлекетибиздин коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кыла алабыз” деп айтылган.

Эмгекчилердин эл аралык күнү Кыргызстан эгемендик алганы Эмгек күнү катары майрамдалып келет. Бул күн өлкөдө эс алуу күнү катары жарыяланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG