Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Баткен: чек арадагы жаңжалда жети тажик жараны кармалды


Кара-Бак айылы, Баткен, 1-май, 2015.
Кара-Бак айылы, Баткен, 1-май, 2015.

Кечээ кечинде Баткендин Кара-Бак айылына чек арадан мыйзамсыз өтүп келип, чыр салган жети тажик жаранын кыргыз чек арачылары кармап, УКМКнын Баткендеги бөлүмүнө өткөрүп беришти. Бул маалыматты облустук бийликтен тастыкташты. Маалыматка караганда, кечээ кечки саат жетилер чамасында Тажикстандан чек арадагы Кара-Бак айылына үч жеңил машине менен келген адамдар бул айылдын тургуну Темирбай Маматкуловдун үйүнүн жанына токтоп, өздөрүнчө бир нерселерди териштире баштайт. Арасында тажик күч кызматтарынын өкүлдөрү да болгону айтылууда. Көп өтпөй бул жерге кыргыз чек арачылары да жетип келишет.

Бирок тажик жарандарынын бир тобу ага чейин карабактык Темирбай Маматкулов менен кошунасы Бекжан Бегишовду бир машинеге салып, Тажикстандын аймагына кирип кетүүгө үлгүрүшөт. Калган эки машине менен жети тажик жаранын кыргыз чек арачылары кармап калышат. Алардын арасында тажик күч кызматтарынын өкүлдөрү да бар экени айтылууда. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. (JsA/SM)

XS
SM
MD
LG