Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Өспүрүмдү зордуктаган ата-балага сот өкүмү чыкты


Өзгөн райондук соту 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктады деп шектелген ата-баланын үстүнөн чечим чыгарды. Ага ылайык, өспүрүмдүн 65 жаштагы таятасы 20 жылга, 22 жаштагы таякеси 10 жылга күчөтүлгөн режимде абакка кесилди. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Ата-энеси кичинесинен ажырашып кетип, тайларынын колунда калган кыз 2010-жылдан бери зордукталып, кордук көрүп келгенин айтып чыккан. Бул окуя милицияга 2014-жылдын декабрь айында гана белгилүү болгон. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG