Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Баткен: чек арага жакын айылда дагы чыр

Баткендин Кара-Бак айылынын тургундары кечээ тажик күч кызматкерлери кармап кеткен айылдын эки тургунунун бошотулушун талап кылышууда.

Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургундары нааразылык акциясына чыгышты. Алар облустук акимчиликтин алдына чогулуп, жергиликтүү бийликтен тажик тарап күчтөп алып кеткен эки айылдашын бошотуп келүүнү талап кылышууда. Бирок азырынча облустук бийлик тараптан алар менен сүйлөшүүгө эч ким чыга элек. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, азыр акимчилик алдында элүүдөн ашуун адам турат.

Жергиликтүү тургундардын жүйөсүндө, тажик күч кызматтарынын өкүлдөрү чек араны бузуп келип, эки жаранды мыйзамсыз кармап кеткен.


16x9 Image

Жеңиш Айдаров

"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG