Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:02

Жалал-Абадда жарым миллиондой киши кызамыкка каршы эмделет


Бул тууралуу облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Үсөнкул Жоробаев билдирди. Эмдөө иштерин жүргүзүүгө облуска 396 миң вакцина келип түштү. 12-23-май күндөрү жалпы эмдөө иштери башталат. Анын алкагында бир жаштан жыйырма жашка чейинки 490 миң адам акысыз эмделет.

Массалык эмдөөнү жүргүзүү үчүн облус аймагында 600гө жакын топтор даярдалды.

Соңку маалыматтар боюнча, облус аймагында бул дартка чалдыккандардын саны 1800гө чукулдаган. (RsK)

XS
SM
MD
LG