Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Непал: зилзала курмандыктары 6 200гө жетти


Непалдагы куткаруу иштери, 28-апрель, 2015.
Непалдагы куткаруу иштери, 28-апрель, 2015.

Непалдагы жер титирөөдөн курман болгондордун саны 6 миң 200 кишиге жетти. Финансы министри Рам Шаран Махаттын айтымында, өлкө турак жайлар менен ишкана-мекемелерди калыбына келтирүү үчүн кеминде 2 миллиард долларга муктаж. Министр эл аралык коомчулукту жардам берүүгө үндөдү. БУУнун маалыматына ылайык, 25-апрелдеги зилзаладан 8 миллиондой киши жабыркады. 2 миллионго жакын непалдык жакынкы 3 айда чатыр, таза суу, азык-түлүккө муктаж болот.

Жума башында премьер-министр Сушил Коирала каза тапкандардын саны 10 миң кишиге жетиши мүмкүн деп айткан. Буга чейинки эң катуу зилзала Непалда 1934-жылы болуп, 8 жарым миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен.

Ал тапта кошуна Кытай жана Индия гуманитардык жардамын ыкчамдатышууда. 300дөй гуманитардык кызматкерин жөнөткөн Кытай 10 миллион доллар берээрин убада кылды. Индиянын аба күчтөрү 950 кишини жана 400 тоннадан көп жардам жеткирди.

XS
SM
MD
LG