Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Йеменде президентчил күчтөр эки саатка ок атышууну токтотту


Йемендеги кыйроолор, 29-апрель, 2015.
Йемендеги кыйроолор, 29-апрель, 2015.

Йемендин президенти Абд-Раббу мансур Хадиге лоялдуу калкка гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн 1-майда Аденде 2 саатка ок атышпоо тууралуу жарыялашты. Портто марттын этегинен бери президентчил армия менен шийилердин хуси козголоңчулары ортосунда уруш жүрүүдө.

Германиянын ДПА маалымат агенттиги кабарлагандай, гуманитардык кызматкерлер ал аралыкта жер которгон жайкын тургундарга жана жарадар болгондорго жардам берүүгө жетишти.

Сауди Арабия баштаган сунилердин коалициясы 26-марттан бери хусилердин турумдарына абадан сокку уруп келатат. Иран колдойт деп айтылып келген козголоңчулар бир нече жумадан бери Аденди алууга аракеттенишүүдө.

Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттыкты саткоо уюму Йемендеги куралдуу жаңжалда 1 миң 250дөй киши өлүп, 7 жарым миллиондою жабыркаганын бүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG