Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Шакиров: Кумтөр боюнча сүйлөшүү түшүнүксүз абалда


Кумтөр алтын кени кечкисин.

Кумтөр алтын кени кечкисин.

“Центерра Голд” компаниясы менен Кумтөр кени боюнча келишим түзүү сүйлөшүүлөрү учурда түшүнүксүз абалда турат. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын эки күн мурда кызматтан кеткен вице-президенти Кылычбек Шакиров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эки тарапка 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү тууралуу сүйлөшүүлөр солгундап кеткен. Буга кыргыз өкмөтүндөгү Кумтөр боюнча маселени чечүү боюнча жаңы жолдордун сунушталышы да себеп болду.

Кыргыз парламенти 2014-жылы Кумтөр боюнча 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алган. Анын негизинде келишим иштелип чыгышы керек эле. Бирок бир жылдан ашса дагы бул келишим түзүлө элек. Апрелдин башында болсо ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул келишимден баш тартып, жаңы жол сунуштаган. Ал 30-мартта британиялык ишкерлер Мартин Грэхем жана Лорд Клэнвильямдан кат келгенин, алар Кыргызстандын 33% акциясына “Центерранын” дагы 18% кошуп, 51% акцияга ээ болуу менен “Центерра Голддун” жетекчилигин алмаштырууну сунуштаганын айткан. Аталган ишкерлерге Кыргызстанга да келип кетишти. Бирок сунуш талкуу жаратып жатканда Оторбаев кызматтан кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG