Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Глобалдык жол коопсуздугу жумалыгы өтөт


Кыргызстанда жол коопсуздугу жумалыгы өтөт. Бириккен улуттар уюмунун үчүнчү глобалдык жол коопсуздугу жумалыгынын алкагында уюштурулууда.

4-10-май күндөрү өтчү жумалык жолоочуларга болгон коркунучка көңүл бурууга багытталат. Кыргызстанда жыл өткөн сайын жол кырсыгынан каза тапкан адамдардын саны өсүүдө. Анын ичинде мерт кеткен балдар да арбын. Былтыр өлкө боюнча балдар катышкан 1455 жол кырсыгы катталып, 112 бала жашоо менен кош айтышкан.

Жол коопсуздугу жумалыгынын алкагында айдоочуларга, балдарга жана алардын ата-энелерине жол эрежесин сактоого чакырган ар кыл иш-чаралар, акциялар өтмөкчү.(BkA)

XS
SM
MD
LG