Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Пакистандын мурдагы ички иштер министри кол салуудан аман калды


Пакистан -- Афтаб Ахмад Хан Шерпао (ортодо)

Пакистан -- Афтаб Ахмад Хан Шерпао (ортодо)

Пакистанда кечээ кечинде жанкечти Хайбер Пахтунхва чөлкөмүндө белгилүү саясатчынын кербенине кол салганда бир полициячы мерт кетти, экөө жараланды.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришкендей, мурдагы ички иштер министри жана "Кауми Ватан" партиясынын лидери Афтаб Ахмад Хан Шерпао жабыркаган жок.

Полиция жанкечти адегенде анын машинесин аткылаганын, полиция ок кайтара баштаганда белиндеги жардыргыч затты жардырып жибергенин маалымдады. Шерпао окуядан кийин ушуну менен төртүнчү жолу кол салуудан аман калганын журналисттерге айтты. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG