Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Европарламент Савченкону бошотууга үндөгөн резолюция кабыл алды


Надежда Савченко сот залында, Москва, 17-апрель, 2015.
Надежда Савченко сот залында, Москва, 17-апрель, 2015.

Европарламенттин депутаттары украиналык учкуч Надежда Савченконун Орусияда камакка алынышы үчүн жооптуу адамарга каршы санкциялар колдонушу ыктымал деп билдирди. Бейшемби күнү Брюсселде кабыл алынган резолюция украиналык аскерди дароо жана шартсыз бошотууга үндөйт. Юридикалык жактан аткарылышы милдеттүү эмес документте Савченко “мыйзамсыз уурдалганы”, Орусиянын ага каршы чара көрүүгө эч кандай укуктук негизи жоктугу белгиленет.

Европалык депутаттар Франция жана Германия лидерлерин Минск келишиминин аткарылышы боюнча эмки сүйлөшүүлөрдө укчкучту азат кылууга көмөктөшүүгө чакырышты.

Европарламент ошондой эле Орусияда кармалып жаткан украиналык башка жарандардын, анын ичинде кинорежиссер Олег Сенцов жана Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилевдин уулу Хайсерди бошотууну талап кылды.

Савченко өткөн жылы жайында Украинанын түштүк-чыгышында орусиялык эки журналисттин каза болушуна тиешеси бар деп айыпталууда. Ал күнөөсүн четке кагууда. Сот февралда анын камакка алынышын 13-майга чейин узартууну чечкен. Жакында Савченко ачкачылык акциясын кайра баштады.

XS
SM
MD
LG