Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

Баткенде кармалган тажик жарандарына кылмыш иши козголот


Облустук акимчиликке келген карабактыктар. Баткен, 1-май, 2015.

Облустук акимчиликке келген карабактыктар. Баткен, 1-май, 2015.

Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин алдына чогулган Кара-Бак айылынын тургундары менен жолугушууда облустук күч кызматтарынын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, чек арадагы Кара-Бак айылына мыйзамсыз кирип келип, тополоң салган жети тажик жараны учурда УКМКнын облустук башкармалыгынын убактылуу абагында кармалууда. Алардын үчөө Тажикстандын президентине караштуу Баңгизат менен күрөш боюнча агенттигинин кызматкерлери. Мындан сырткары бул ишке катышы бар деген шек менен үч кыргыз жараны да кармалган.

Ал эми бул окуяда тажик күч кызматтарынын өкүлдөрү өз аймагына күчтөп алып кирип кеткен эки кыргыз жараны учурда Хожент шаарында кармалып турганы белгилүү болду. Тажик тарап аткезчилик боюнча айыптап жаткан бул жарандарды бошотуу аракетинен майнап чыга элек.

Бул чатак кечээ кечинде кыргыз-тажик чек арасында мыйзамсыз сымап соодаалашуудан чыкканы айтылууда. (JsA/SM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG