Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Кремл Чыгыш Украинага байланыштуу кабарды четке какты


Кремл президент Владимир Путин Чыгыш Украинага бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууга макул болду деген Киевдин ырастоосун четке какты. 30-апрелде украин президентинин кеңсеси Путин Донбасска бейпилдик контингентин жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн кабыл алды деп билдирген. Билдирүү Франция, Орусия, Украина президенттери жана Германия канцлеринин телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жарыяланган.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Минcк келишиминин бардык жоболору аткарылмайын тынчтык орнотуучу аскерлер жөнүндө сөз кылуу туура эмес деди.

Ал тапта Украинанын чыгышында соңку 24 саатта эки жоокер жана орусиячыл бир козголоңчу окко учканы кабарланды.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн маалымат катчысы жикчилдер февралдагы келишимде тыюу салынган курал-жаракты колдонуп, эки жоокер набыт кеттип, экөө жараат алганын билдирди.

Козголоңчулардын өкүлдөрү бир кишиси окко учуп, бир нечеси жарадар болгонун маалымдашты. Өткөн жылдын апрель айынан бери Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжал 6 миңден көп кишинин өмүрүн кыйды. Февралда ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге жетишилгени менен тараптардын кагылышуулары уланууда.

XS
SM
MD
LG