Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Эмгекчилердин эл аралык күнүндө Стамбулда кагылышуу болду


Дүйнө өлкөлөрүндө активисттер жана кесиптик кошуундар Эмгекчилердин эл аралык күнүн белгилешти. Көпчүлүк жерлерде жүрүштөр тынч өтүүдө. Түркиянын Стамбул шаарында болсо демонстранттар тыюуга карабай Таксим районуна барууга аракеттенгенде полиция менен кагылышуу тутанып кетти.

Коопсуздук күчтөрү суу атмаларды жана жаш агызчу газ колдонушту. Демонстранттар аларга таш, петардаларды ыргытып жооп кайтарышты.

Тегеранда да жумуш шарттарын жакшыртууну талап кылгандар чет өлкөлүк жумушчуларга каршылык билдиришти.

Иранда жумушсуздук 10 пайызды түзөт. Өлкөдө бир миллиондон ашуун оогандыктар, көбүнесе курулуш жана дыйкан чарбасында иштешет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG