Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Бишкекте майрамдарга карата жол кыймылына чектөө киргизилди


Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү максатында Бишкектин борбордук бөлүгүндө жол кыймылына чектөө киргизилди. 3-4-7-8-9-май күндөрү Ала-Тоо, “Жеңиш” жана эски аянтта эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин жол жабык болот. Бул тууралуу шаардык жол кайгуул кызматынан кабарлашты.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык салтанат Ала-Тоо аянтында өтөт. Парадды Башкы штабдын жетекчиси Асанбек Алымкожоев кабыл алат.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы Жеңиштин 70 жылдыгына карата салтанатка кетип жатканы үчүн парад 7-майга жылдырылганын мамлекет башчынын кеңешчиси Фарид Ниязов билдирген эле. Датаны жылдыруу коомчулукта нааразылыктарга себеп болгон. Кийин майрамдык парад 9-май күнү болору айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG