Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Мэйвезер “кылым таймашында” Пакьяону жеңди


АКШнын Лас-Вегас шаарында "кылым таймашында" америкалык Флойд Мэйвезер филлипиндик Мэнни Пакьяону упай айырмасы менен утуп, 48-жеңишин камсыздады.

Америкалык мушкер бул беттеште жарым орто салмакта WBA жана WBC версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын, ал эми филлиппиндик WBO жааты боюнча чемпиону наамын коргоду.

Мэнни Пакьяо атаандашына үстөмдүк кылып, бир нече кооптуу соккуларды узатып, жандуу таймаш көрсөттү. Мэйвезер коргонууда мыкты болуп, боюнун жана колунун узундугунан улам каршылашына таамай чабуул жасоого мүмкүнчүлүк берген жок. Ал өз кезегинде аз чабуул жасаса да соккулары таамай тийип жатты.

12-раунддун жыйынтыгында калыстар Мэйвезердин пайдасына 118:110, 116:112, 116:112 деген упайларды беришкен. Калыстардын бул чечимине көрүүчүлөр нааразыланып, жеңүүчүгө ышкыргандар да болду. Мэйвезер таамай соккуну атаандашына 148 жолу узатса, бул көрсөткүч Пакьяодо 81 болгон.

Эки мушкердин беттешин бокс күйөрмандары көптөн бери күтүп жүрүшкөн. Бул таймаш бир нече көрсөткүч боюнча рекорддук деп эсептелди. Көрүүчүлөргө сатылган билеттер бокс тарыхында алгачкы жолу 150 миң долларга чейин кымбат бааланды. Кирешенин жалпы көлөмү 400 миллион долларга чейин жетиши мүмкүндүгү айтылууда. Мэйвезер 150 миллион доллар, ал эми Пакьяо 100 миллион доллар алат. Бир дагы боксчу буга чейин бир беттеши үчүн мындай гонорар алган эмес. (ECh)

XS
SM
MD
LG