Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Сариев: өкмөттүн ар бир мүчөсүнө талап катуу болот


Темир Сариев өкмөт мүчөлөрү менен, 30-апрель, 2015-жыл

Темир Сариев өкмөт мүчөлөрү менен, 30-апрель, 2015-жыл

Жаңы шайланган премьер-министр Темир Сариев 2-майда өкмөт мүчөлөрү жана аппараттын бөлүм башчыларынын кеңешмесин өткөрдү. Ал иштин натыйжалуулугун күчтөндүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

“Биз ыкчам жана мобилдүү өкмөт болуп, алдыга коюлган милдеттерди аткарууга мүмкүнчүлүк бар экендигин далилдешибиз керек. Бул үчүн өкмөттүн ар бир мүчөсү үчүн талап катуу болот”, - деди Сариев.

Ал ар бир жыйында министрлер жа мекеме жетекчилери аткарылган иштер, пландар жөнүндө маалымат беришерин эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

2-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын дайындаган буйругун чыгарып, өкмөттүн курамы расмий ишке киришти. Жогорку Кеңеш 30-апрелде премьер-министр кызматына Темир Сариевдин талапкерлигин жактырган. Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев өткөн аптада өз арызы менен кызматтан кеткен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG